БИШКЕК. «Эркиндик» партиясынын саясий кеңеши Кыргызстанга жакынкы өткөөл жылдарда президенттик башкаруу системасы ылайыктуу деген чечимге келди. Бул тууралуу 1-мартта аталган партиядан «Азаттыкка» билдиришти. Партия жер-жерлерде президенттик башкаруу боюнча эл ичинде түшүндурүү иштерин жүргүзө баштады. Партиянын атынан атайын эксперттик топ президенттик башкаруу системасы каралган Конституциянын долбоорун иштеп чыгат жана ал элдин талкуусуна сунуш кылынат. Долбоордо президент мамлекеттин да, аткаруу бийлигинин да башчысы болоору жана жалпы эл тарабынан шайланаары, ошондой эле 100 пайыз пропорционалдык системанын негизинде шайлана турган күчтүү парламент, көз карандысыз сот бийлиги, адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы каралмакчы. Партиянын пикиринде, Кыргызстан азырынча парламенттик башкарууга даяр эмес.