Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:01

М.Максимович: Аскар Акаев 420 миң доллар алды деген доомат негизсиз


БИШКЕК. Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов Ак үйгө алып барып берген 420 миң долларга экс-президент Аскар Акаевдин тиешеси жок. Бул тууралуу Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович 1-мартта маалымат жыйынында билдирди.

-Аскар Акаевич эч качан бул акчаларды алган эмес. Эч кимге көрсөтмө да берген эмес.Бул акчаларга анын тиешеси жок. Ал каражаттар Баткен окуясына бөлүнгөн деген божомолдор бар. Балким чындыгында эле ошондой болгондур. Бирок, Баткен окуясындагы техникалык проблемаларды чечүүнү Аскар Акаевич ошол кездеги премьер-министр Амангелди Муралиевге жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго тапшырган,-деди Максим Максимович.

Ушул күндөрү сот Улан Сарбановду жана бир катар жооптуу кызматтагы адамдарды суракка алып, 1999-жылы декабрь айында Аскар Акаевге берилген 420 миң доллар каражаттын изин кууп териштирүүдө.

XS
SM
MD
LG