Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:11

ГЕРМАНИЯДА КУШ ТУМООСУНУН ВИРУСУ МЫШЫКТАН ДА ТАБЫЛДЫ


Германиянын Рюген аралында өлгөн мышык куш тумоосуна чалдыкканы тастыкталды. Буга чейин Азияда да ушундай учурлар катталган, бирок алгачкы жолу H5N1 вирусуна Европадагы сүт эмүүчүлөр кабылды.

Марисс Мелман өлгөн мышык табылган жерден алыс эмес жашайт. “Ройтерс” агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде Мелман айым куш тумоосу мышыкта да табылды деген кабарды кооптонуу менен кабыл алганын айтат:

Бардыгы канаттуулары үчүн тынчсызданып жаткан кезде, биз мышыгыбызды ойлоп калдык. Ал биз менен көп жылдан бери жашайт, кичинекей балабыздай болуп калган, - дейт Марисс Петерле аттуу мышыгын кучактап.

Германиянын аймагында вирус алгач болуп Балтика деңизиндеги Рюген аралында катталган. Атап айтканда, бир ай мурун суунун боюнда аккуулардын өлүктөрү табылган.
H5N1 вирусунун Европада, сүт эмүүчүлөрдөн да табылышы көпчүлүктү бейпайга салды. Куш тумоосунун бул кооптуу түрү 90дон ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Курмандыктардын көпчүлүгү Азиянын тургундары.

Бирок Германиядан келген соңку кабар катардагы эл үчүн жаңылык болсо, эксперттер буга чеийн эле бул илдетке мышыктар да кабылышы ыктымал деп болжолдошкон.

-Таиландда жолборс, илбирс өңдүү молундар тукумуна кирген жырткычтар инфекцияланган канаттуулардын этин жегенден кийин ооруп калып, илдетти башка молундарга жугузган учурлар катталган. Биз ошондой эле үй мышыктарын лабораториялык изилдөөдөн өткөрүп, алардын дартка туруштук бере албаганына, вирус бир мышыктан экинчи мышыкка жугаарына күбө болгонбуз, - дейт канаттуулар тумоосу боюнча адис, голландиялык Алберт Остерхауз.

Бирок вирус мышыктан адамга жугушу мүмкүнбү?

Вирус мышыктар арасында кеңири жайылбаганы менен, теория боюнча ал мүмкүн. Андыктан сиз куш тумоосу катталган аймакта жашасаңар, мышыгыңарды үйдөн чыгарбай, этият болушуңар керек.

Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун өкүлү Алехандро Тиерман мышыктарды үй, короодо кармасаңар, корко тургандай эч нерсе жок деп кошумчалайт. Эксперт Германиядагы окуя вирус башка жандыктарга да жуга тургандай түргө айланды дегенди билдирбейт деп эсептейт:

Сүт эмүүчүлөр – мышыктар, чочколор вирустарды бат жуктуруп алышат. Адам баласы дагы, бирок карап көрсөңөр куш тумоосунан 140 миллиондой канаттуу кырылды, адамдарга жуккан учурлар болсо 160ка жетет. Албетте, камтама болууга негиз бар, адамдар вирустун тарашына байкоо салып турушу керек. Эң негизгиси тумоонун үй канаттуулардын арасында жайылышына каршы күрөшүү зарыл.

Германиянын Мекленбург-Форпоммерн жеринин өкмөт башчысы Харалд Рингсторф калк жашаган аймактан 200 метр алыстыкта табылган мышыктарды атып өлтүрүүгө уруксат берилет деп билдирди. Бирок жакын арада андай мышыктар жок кылынышы керек деген буйруктун пайда болушу толук ыктымал.

XS
SM
MD
LG