Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

ӨЗБЕКСТАНДА ОППОЗИЦИЯ АКТИВИСТИ ОН ЖЫЛГА КЕСИЛДИ


Өзбекстанда оппозициянын дагы бир өкүлү эркинен ажыратылды. Ташкендин соту "Күнөстүү Өзбекстан" деген коалициянын мүчөсү Надира Хидоятованы бир катар экономикалык кылмыштарды жасаган деген айып менен он жылга түрмөгө кести. Бирок Хидоятованын жактоочулары сот ишинин саясий жүйөөсү бар деп эсептейт. Былтыр май айында Андижандагы кандуу окуялардан кийин, "Күнөстүү Өзбекстан" коалициясы өзбек бийлигин кескин сынга алып, президент Ислам Каримовдун кызматтан чегинүүсүн талап кылган эле.

38 жаштагы ишкер Надира Хидоятова "Күнөстүү Өзбекстан" деп аталган оппозициячыл маанайдагы уюмда ал былтыр апрелде түзүлгөндөн тартып, координатор болчу. Декабрь айында Ташкенттин аэропортунан Москвадан кайтып келгенде камакка алынган. Орусиялык маалымат каражаттар анда Хидоятова Москвада басма сөз жыйынын өткөрүп, Орусияны президент Ислам Каримовдун режимин колдоону токтотууга жана Өзбекстанда адам укуктарын бузуу кеңири жайылганын моюнга алууга үндөгөнүн кабарлашкан эле.

Эми ал Ташкентте соттун шаршембидеги чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылды. Прокурорлор болсо соттон айыпкерди 12 жылга кесүүнү суранышкан болчу. Сот жараянында төрагалык кылган судья Закиржон Исаевдин айтымында, Надира Хидоятова "мамлекетке зыян алып келген оор, өзгөчө оор кылмыштары үчүн" күнөөлүү деп табылды. Атап айткан ал салык жашырган, арам акчаны адалдаган жана уюшкан кылмыштын топтун мүчөсү болгон. Соттун чечимине ылайык, Хидоятова жетектеп келген ишкана мамлекетке 230 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү салыкты кайтаруусу зарыл, ал өзү түрмөдөн чыккандан дагы үч жылга чейин эч кандай жооптуу кызматка алынбашы керек.

Сот анын ишканасы мындан үч жыл илгээри Орусиядан Өзбекстанга ондогон тонна гречка импорттогон учурунда салык жашырган деген тыянакка келди. Хидоятованын адвокаты Олег Бабенконун пикирнде коюлган күнөөлөр далилденген жок, андыктан эми ал жогорку инстанциядагы сотко аппеляциялык арыз бермекчи. Сот жараянын байкоо салган ташкенттик укук коргоочу Сурат Икрамов Надира Хидоятова саясий жүйөөдөн улам гана эркинен ажыратылды деген ойдо:

-Коюлган айыптар толугу менен далилденген жок. Сот залындагы байкоочулардын көбү бир да айып далилденбегенине күбө болушту. Мен Надира Хидоятованын соттолушу жогорудан берилген буюрукка ылайык ишке ашырылды деп эсептейм. Мунун негизги эле жүйөөсү - ал апрелден бери "Күнөстүү Өзбекстан" коалициясында активдүү иштегенинде.

Эки өспүрүм баласы бар Надира Хидоятовага камакка алынгандан бери абакта үй-бүлөсү менен кездешүүгө мүмкүндүк берилген эмес. Кызы Малика сот өкүмү окулган соң "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына буларды айтты:

-Ал - каарман аял. Өзүн бекем кармап турду. Албетте, көңүлү чөгүнкү болду. Акыркы мүнөткө чейин бошотулам го деген үмүттө турган. Төрт жаштагы уулу да эненин мээримине муктаж. Бирок тилекке каршы андай болгон жок. Өзүн жакшы кармап, күлүп турду. Түрмө сыз да, бир аз ооруп, арыктап калган.

Надира Хидоятова саясий иши үчүн мурда да камалган. Анда Өзбекстандын АКШдагы мурдагы элчиси, сүргүнгө кетип, оппозицияга кошулган Бабур Маликовго кол кабыш кылганы жүйөө болгон экен.

Надира Хидоятова - "Күнөстүү Өзбекстан" коалициясынын куугунтукталып жаткан жалгыз мүчөсү эмес. Бул уюмдун төрагасы ири ишкер Санжар Умаров да азыр түрмөдө. Умаров экономикалык кылмыш жасаган деген айып менен былтыр октябрда кармалып, сот январда башталган.

Ага карата да сот өкүмү ушул шаршембиде чыгарылары күтүлгөн эле, бирок 6-мартка чейин калтырылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG