Марат Султановду Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына «Келечек» депутаттык тобу көрсөттү. Султановдун талапкерлигин колдоп 45 депутат добуш беришти, 14 депутат каршы болду. Марат Султанов шайлангандан кийинки алгачкы сүйлөгөн сөзүндө парламентти бөлүп-жарбай, биримдигин чыңдап, консенсус саясатын жүргүзөрүн билдирди.