Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Куш тумоосу Кыргызстанды тооруп турат


ОШ. Куш тумоосу тарап кете турган болсо кыргызстандыктардын жарымына жакыны мындай ооруну жугузуп алып, ар бир жыйырма бешинчи атуул өлүмгө учурашы мүмкүн. Бул тууралуу Ош облусунун биринчи санитардык дарыгери Абдымалик Барканов билдирүү жасады. “21-кылымдын чумасы катары дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусун пайда кылып жаткан куш тумоосу Кыргызстан үчүн өтө оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн. Себеби биздин ветеринардык кызмат, санэпидем станция жана башка дарыгерлер байкоо салып турганга гана аргасыз”,- дейт Ош облусунун биринчи санитардык дарыгери Абдымалик Барканов. Бул боюнча Ош облустук мамлекеттик администрациясында болуп өткөн жыйында куш тумоосунун микробдорун текшере турган атайын лабораториялардын жоктугу, кокустан адамдар ооруп кала турган болсо, аны дарылоонун шарттары жергиликтүү медицина кызматкерлери үчүн түшүнүксүз экендиги жана тиешелүү дарылардын камдалбагандыгы айтылды. Ош облусунун губернатору Адам Закиров тиешелүү кызматтарга бул багытта чараларды тез арада көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 3-мартта Кыргызстанда ала булут каптап турат. Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, туман түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1...+4, күндүз +12...+17 градус.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +12...+17 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -1...+4, күндүз +11...+16 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз +3...+8.
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...-5 градус.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +14...+16 градус.

Аманбек Жапаров, Азиза Турдуева

Редактор Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG