Бейшембиде кечинде Беларустун борбору Минскте оппозиция жетектеген 3 миңге жакын адам демонстрация уюштурду. Өлкөдө 19-мартта президенттик шайлоо өтөт. Александр Миленкевич - оппозициянын атынан президенттикке көрсөтүлгөн эки талапкердин бири жана азыркы президент Александр Лукашенкого чыныгы атаандаш боло ала турган фигура. Ал чогулган элге карап:
- Достор! Мен силерди куттуктайм! Беларус жерине эркиндик, мыйзамдуулук жана чындык келе жатат! Биз адамдарча жашоого укук алуу үчүн, эркин европалык мамлекетте жашоо үчүн күрөштө жеңебиз! Беларуска узак өмүр!, - деп кыйкырып жатты.
Бийликтер бул жыйынды мыйзамсыз деп атап, активисттерди камакка алса деле болмок дешти. Бирок 1 миңдей милиция кызматкери демонстранттарга тийген жок жана митинг тынч аяктады.
АКШ беларус бийликтерин демократияга кысым жасалып жатканы үчүн сындашты. Жумурияттын башчысы Александр Лукашенко муну “Беларустун ички ишине кийлигишиүү” деп атады.
--