Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

ЫҢКЫЛАП ӨЛКӨСҮ, ЫҢКЫЛАП ЖЕТЕКЧИЛИГИ, БИР ЖЫЛДЫК НАТЫЙЖАСЫ


Элдик ыңкылаптын бир жылдыгы жакындаган сайын буга чейин аткарылган иштер, алдыдагы милдеттер жайында арбын кеп боло баштады. Коомдук-саясий турмушта кандай өзгөрүүлөр болду, экономикалык жылыштар сезилдиби, элдин күткөн үмүтү акталдыбы?

“Баткенде айылдарда боштук өкүм сүрүп турат. Билегинде бираз болсо да күчү бар атуулдарыбыз тобу менен орус жергесинде... Талаа жумуштарында Улуу Атмекендик согуш маалындагыдай жалаң аялзаты”, деп жазат “Жаңы ордо” гезитиндеги жол очеркинде журналист Нургазы Анаркулов.

Шорунан арылбаган өлкөнүн мурдагы оппозициячылары, азыркы бийлик жетекчилери телекамералардын алдында эле тырсылдап тың көрүнбөсө, башка убакта ичара тытышмай, бийлик кутумчулугунан чыгалбай келатышат. Алдагыдай кокту-колотчул ишмерлердин тирешүүлөрү түгөнбөй улана берсе айтылуу матрос Железняктын чыдамы чегине жетип, “бул жерде убактылуу отургандар кимдер?” деп баарын сыртка кууп чыгышы деле ыктымал экендигин саясат таануучу Токтогул Какчекеев жума күнкү “Кыргыз руху” гезитинде жазды.

Элдик ыңкылаптан кийин калктын үмүтү акталбады деш натуура экенин жума күнкү “Бишкек таймс” гезитиндеги маегинде Кыргызстандын Башкы прокурорунун орунбасары Абибулла Абдыгапаров билдирди. Анын маалымдашынча, экс-президент А.Акаев менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына тиешелүү делинген кыймылсыз мүлктөргө байланыштуу 68 кылмыш иши козголгон. Акаевдин үй-бүлөсү менен жакындарынын мамлекетке келтирген жалпы зыяндын суммасы 473 миллион сом жана 20 миллион 460 миң АКШ долларын түзөт. А.Абдыгапаровдун айтымында, көп иштер учурунда ыкчам, кылдат иликтенбегендиктен көптөгөн чечүүчү далилдер колдон чыгып кеткен учурлар арбын болгон.

“Ушундай кемчиликтер болбогондо Акаев тигинтип жатып алып адалсынып азыркы бийликти каралаганды эрмекке айлантмак эмес, чаң-будуң түшүрүп саясатка аралашмак тургай, элдин, мыйзамдын кашында жоопкерчилиги суралмак”, дейт Башкы прокурордун биринчи орунбасары.

А.Абдыгапаров А.Акаевдин чет өлкөлөрдөгү мүлкүнүн дарек-дайнын таап берүү милдетин алган Либерман тергөө органдарын кызыктыра турган тастыктоочу документтерди көрсөтө албаганын, ошондуктан ага макулдашылган кызмат акы төлөнбөгөнүн билдирген.

2005-жылдын 24-мартындагы окуялар кандай өткөнү, ага катышкандардын эскерүүсүн 2-марттагы “Лица” гезити жарыялады. Бишкекке жуук айылдардын биринде жашаган Жалил аттуу жигит ойдо жок жерден көпчүлүккө кошулуп Акүйдү алууга катышкан.

“Чынымы айтсам, аны эмне үчүн жасаганыбызды деле билбейм. Акаев кетсе эле турмуш оңолуп, жумуш табылып, эл жакшы жашайт деп айтышкан. Бирок андайды мен көрөлекмин. Албетте, эл Акаевден тажаган болчу, бир нерсени алмаштыруу керек эле. Алмаштыра алдыкпы? Мен ойлойм, анте албадык деп. Элди мурда кандай тоношсо азыр дешле ошондой эле тоноп жатышат”, дейт Жалил.

“Революциянын натыйжасында ошол эле саясий система ордунда калууда, демек, бул бүтпөгөн революция. Биздин максат – Конституцияны кайрадан жаңы жазып чыгуу, өлкөнүн саясий түзүлүшүн өзгөртүү, шайлоо системасын партиялык тизме менен өтүшүнө жол ачуу”, дейт Роза Отунбаева 2-марттагы “Алас” гезитиндеги маегинде.

Энергетика тармагы өз алдынча компанияларга бөлүштүрүлгөндөн кийин кедеринен кетти, мурда киреше берип келген тармак тарифтерди көбөйтүүгө гана ыктап, эми анын бөлүштүрүү кызматын жеке колго берүү маселеси кайрадан козголо баштагандыгын жума күнкү “Агым” гезитинде Семетей Талас уулу жазды. Ушул эле гезитте Калил Жамгырчиевдин тамеки сарсанаасы, дыйкандардын кыйла жылдардан бери айтылып бирок чечилбей келаткан проблемалары тууралуу “Күң болгон кыргыздар, “күн” болгон “Мадумаровдор” деген макаласында баяндаган.

Социализм тушунда 35 миң ашуун тонна тамеки өстүргөн Кыргызстан ушу тапта 13 миң ашуун тонна “сары алтынга” топук кылып отуру. Проблема дыйкандар чоң мээнет менен өстүргөн тамекини компаниялардын арзанбаада сатып алганында болууда, деп маалымдайт жума күнкү “Бишкек таймс” гезитинде Алмаз Үкүев аттуу автор.

Парламенттин мурдагы спикеринин кызматтан кетиши, жаңысынын шайланышы жума күнкү гезиттердеги негизги жаңылыктан болду. Ө.Текебаев саясий бейнеси тууралуу 3-февралдагы “Аалам” гезитинде Мурат Жетимишбаевдин “Акылсыз достон акылдуу душман же мугалим кесиптешиме ачык кат”. “МСН” гезитинде В.Тимирбаевдин “Кызматтан кетүүнүн жаңырыгы” аттуу макалалары жарыяланды.
XS
SM
MD
LG