БИШКЕК. Премьер- министр Феликс Кулов Юстиция министрлигине жана өкмөттүн аппаратына Рыспек Акматбаевдин соттолгондугу мыйзамдуу жоюлганбы же жокпу, ошого укуктук экспертиза жүргүзүүнү тапшырды. 28- февралда Биринчи май райондук соту 2004- жылкы мунапыска такап Рыспек Акматбаевди кылмыш жообунан бошоткон чечим чыгарган. БШК ИИМден анын мурда соттолгондугу тууралуу материалдар түшкөндүгүнө байланыштуу Рыспек Акматбаевдин соттолгондугу жоюлганбы же жокпу тактап берүүнү суранып Жогорку сотко 28- февралда кайрылган. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов “Азаттыкка” билдиргенге караганда, 3- мартта Жогорку сот бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Төраганын айтымында, сот өндүрүшүндө каралган иштерге сот өзү кайра түшүндүрмө берүүгө укугу жок. Рыспек Акматбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына Балыкчы шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталган.