Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

24- март майрам катары ырасмий белгиленет


БИШКЕК. 24- мартта эч кандай тартип бузууларга жана башаламандыкка жол берилбейт, андай аракеттерди көргүсү келгендер жазаланат, деп билдирди президент Курманбек Бакиев 3- мартта. Мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстандын бардык жашоочулары 24- мартка Көз карандысыздык күнүнө тете майрам катары даярданышы керек. Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров 24- мартты элдик революциянын күнү катары белгилөө жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жатат. Президенттин пикиринде да, 24- март календарда кызыл болуп чоң элдик майрам катары белгиленет жана бардык райондордо майрамдык салтанаттар өтөт. 24- мартты кандай майрамдоо тууралуу жарлыкка мамлекет башчы жакынкы күндөрү кол койот.

XS
SM
MD
LG