Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Эркин Алымбеков кызматтан кетүү тууралуу оюунан айныды


БИШКЕК. Буга чейин Жогорку Кеңешке жаңы төрага шайланаары менен дароо кызматынан кетээрин билдирген төрага орун басары Эркин Алымбеков жума күнү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кызматтан кетүү тууралуу арыз бербей турганын айтты. Ал муну парламенттеги кырдаалдын өзгөрүшү менен түшүндүрдү:

- Жаңы төрага шайланып, парламенттин ичиндеги саясий кырдаал өзгөргөнүнө байланыштуу өзүбүз арыз жазып, кызматтан кетебиз деген талап койбойбуз.

Жогорку Кеңештин төрагасынын дагы бир орун басары Болот Шерниязовдун кызматтан кетүү тууралуу арызы парламентте 2-мартта каралып, колдоо тапкан эмес. 3-мартта Жогорку Кеңеш төрага орун басарлары боюнча маселени кароону март айынын күн тартибине киргизишти. Бул маселе эмки жумада каралышы ыктымал.

Шайырбек Эркин уулу, Чолпон Орозобекова

Редактору Кубат ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG