Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Палестиналык согушчан “Хамас” уюмунун делегациясы Москвага барды


Орусиялык жетекчилер менен жолугушуулар өткөрүп жаткан делегацияны Халид Мишал жетектеп барды. Ал Москвада “Хамастын” Израил мамлекетин тааныбаган туруму талкууланбай турганына басым жасады. “Биз Орусиялык тараптын көз карашын угуп, өзүбүздүкүн ачык айтабыз. Чатакты палестин эли чыгарган жок, чатактын баары басып алуучулукта. Биз чөлкөмдө өз ордубуз болушун каалайбыз, бирок ага баскынчылыкты токтотуп, палестиндерди укугун жана жерин кайтармайынча жол жок”. “Хамас” уюму Палестинадагы шайлоодо жеңгенден кийин аларды Москвага келип кетүүгө Орусиянын президенти Путин чакырган. Бул кадамга “Хамасты” террористтик уюм деп санаган АКШ, Израил жана Европа Биримдиги кабатырлыгын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG