Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

БАКИЕВ - КУЛОВ ТАНДЕМИ. «ЭЛЕС БУЛАС» МАМЛЕКЕТТЕР. ОРУС АЗИЯ. АЛТЫ ӨЛКӨ АКЧАСЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиялык басылмалар Кыргызстанда жаңы спикер шайлоо ички саясий жагдайды чынэле оңолтобу? «Элес» мамлекеттер деген эмне? Орус Азиясы болуп кайсы өлкөлөр эсептелет маселелер тегерегинде кеп курган.

Кыргызстанда ички саясатты орусиялык басылмалар кыйла талдоого алышты. «Время новостей» (03.03.2006), маселен, Бакиев – Кулов тандеминин оңоло башташына мурдагы президент Акаев тушунда улуттук банкты жетектеген Марат Султановдун Жогорку Кеңешке төрага болуп шайланышы себепкер болду деген. Кийин ал төрага биринчи кезекте парламент эки жетекчи тандемин бышыктоо багытында иштейт деп айткан. Тандемди чыңдай турган дагы бир жагдай катары орусиялык басылма президент Бакиевдин биртууганы Жаныштын жумурияттын улуттук коопсуздук кызматы жетекчисине биринчи орун басар болуп дайындалышын атаган. Ал кызматка аны коюп атып өкүмөт башчы Феликс Кулов: «Бул кызматта биз үчүн ишеним арткан киши керек, мен эми президент өз бир тууганына ишенет деп ойлойм», - деген жерин көрсөткөн.

Эл аралык ырааттуулукту «элес булас» мамлекеттер бузушат шаанидеги макалада «Российские вести» (02.03.2006) Бириккен Улуттур Уюмуна мүчө болуп өткөн, эгемендүүлүк канчалаган жолжобосун колуна алган кайсы бир мамлекеттик түзүлүштөр туурасында кеп курат. Ал жерде «элес булас» өлкө жетекчилиги колуна бийлик эки тизгин бир чылбырын алса да эмне себептен элин башкаруу колунан келбей атышына токтолот. Андай өлкөлөрдө социалдык, этникалык, диний келишпөөчүлүк себеп болуп дайыма кагылыштар чыгып турат. Жарандары болсо «көлөкөдөгү» жана «аскерий» экономика түйшүгүн башынан өткөрүп жанын араң багууда. Мындай өлкөлөрдү эл аралык саясат (failed states) «дөөлөтү жок» деген аныктама берилген. «Дөөлөтү жок мамлекет» болуунун эң башкы белгиси – андай өлкө өкүмөтүнүн өз элин башкара албай калышы. Андай элде уюшулган топтордун күчкө салып бийлик институтунун аракетин улам жокко чыгара берүү болуп эсептелет. Андай «элес булас» мамлекеттер жер жүзүндө ондоп саналат – ал Анголадан башталып, Конго жана Сомали, Ирактан башталып, Ооганстан, Грузия жана Кыргызстанга чейин», - деп жазат Петр Крымский. Андай өлкөлөр эмне себептен дүйнө коомчулугуна коркунуч туудура тургандыгын талдоодон өткөрүп келип, басылма: «андай мамлекеттерде ар бири «чакан мамалекет» турумун эске салган атайын мафиялык топтор тынбай кагылышуу салып турчу адат пайда болот», - деп жазат.

«Орус Азия» деген ат коюп жазылган кененчонон макалада Виталий Третьяков («Московские новости», 03.03.2006) Борборазияны кантип Орусия акырындап демократиялаштыруу керектигин кеп кылат. «Азыркы тушта Орусия федерациясы чегарасына тийишип жаткан тарапты Орусиялык Азия деш туура жана аны ошентип эле аташ керек. Эмне дегенде ал тарапта көбүнчө мурдагы СССР тутумуна кирген советтик жумурияттар же мурдагы Орусия империясы бар кездеги Түркстан крайы эмеспи. Ошол тарыхый жерибизде, алардын ичинде Борбор Азия жеринде өз коалициябызды түзүү зарыл», - деп жазат басылма. Андан ары коалицияга кирген мамлекеттерге эл аралык, мамлекеттер аралык катташта эң негизги тилдер бири катары орус тилин сактап калуу ошондой эле бул аймакта Орусиянын экономикалык таасирин аттыруу үчүн рублдин эркин жүрүшү үчүн шарт түзүү стратегиялык кызыкчылык деп айтылган.

Алты өлкө акчасы туурасында «Труд» бейшембиде макала баскан. Ал жерде азыркы Евразиялык Экономикалык уюм катарын түзүүчү өлкөлөр ортосунда акыры келип бир акчасы болору кеп болот. Андай маалымдоо жакында Минскиде өткөн ал уюм мамлекеттер борбордук банктар жетекчилери өткөргөн чолугулуш маалында жарыя кылынган. Орусиялык Борбордук банкынын төрагасынын биринчи орун басары Алексей Улюкаев бир акчага өтүү 5-7 жылдан соң ишке ашарын айткан.

2001-жылы февралда керегеси тургузулган Евразиялык Экономикалык уюмга Орусия, Казакстан, Беларусия, Кыргызстан, Тажикстан мүчө. Жакында ага Өзүбекстан кошулган.
XS
SM
MD
LG