Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

АКШ жана Пакистан стратегиялык кызматташууну дагы кеңейтет


АКШ жана Пакистан терроризимге каршы согуштагы кызматташуусун дагы бекемдейт. Бул жөнүндө президент Жорж Буш бүгүн Исламабадда Пакистандын президенти Первез Мушарраф менен болгон кездешүүдөн кийинки маалымат-жыйынында билдирди:

-Мырза Президент ( Первез Мушарраф) жана мен стратегиялык кызматташууну кеңейтели жана уланталы деп, өз ара мидеттенмебизди дагы бекемдедик. Бул кызматташуу террорчулукка каршы жакын кызматташуудан башталат.

Жорж Буш бирок “ал-Каиданы” жок кылуу үчүн “өтө көп иштер жасалыш керек” экенин эскертти.

Президент Мушарраф эки өлкө арасындагы кызматташууну жогору баалап, Индия менен Пакистан арасындагы Кашмир талашын жөндөө боюнча сүйлөшүүлөргө АКШны ургаалдуу катышууга чакырды.

XS
SM
MD
LG