Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

ЫCЫККӨЛДӨ БАЛЫК САНЫ ОН ЭСЕ КЫСКАРДЫ


Адистердин пикиринде Ысыккөл соңку жылдары кирешелүү тармак катары гана пайдаланып калгандыктан, биотүрдүүлүк төмөндөп, балык саны он эсеге кыскарган. Ысыккөл районундагы жоопкерчилиги чектелген балыкчылар коомунун балык өстүрүүчүлөрү тогуз жылдан бери жасалма уруктандыруудан балык көбөйтүп, көлгө кое бергени менен браконьерлер кырып жок кылып атканын, ага мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу зарылдыгын айтышууда.

Учурда Ысыккөл өрөөнүндө балык өстүрүү боюнча үч чарба болсо, анын бирөө Григорьевкадагы жоопкерчилиги чектелген балыкчылар коому. Аталган чарба 1935-жылы түптөлгөн Ысыккөл балык комбинатынын кароосунда тогуз жылдан бери балыкты жасалма уруктандырып келет. Булар ал ыкта 1 млн. 800 миңге жакын балык өстүрүлүп, көлгө кое берилген. Биз барган убакта форель балыгынан уруктандырылган 15 мм. майда чабактар өстүрүлүп жаткан экен, ал боюнча биз адистерге айрым суроолор менен кайрылдык:

- Өзүнчө идишке аябай көп балыктарды өстүрүп атыпсыңар, өтө майда экен, ушулардын саны канча? Канча балыкты көбөйтүп көлгө кое бересиңер?

- Биз 300 миң микро балык өстүрөбүз дегенбиз. Бул жерде азыр калдыктардан тышкары 305 миң балыктын личинкалары турат. Сырттан келип аткан таза, балыкка жагымдуу булактын суусун колдонобуз – балык өстүрүү адиси Азамат Кулов чабактарга балык эти берилсе тез торолушун, бирок ага уруксат берилбей жатканын айтты.

Ал эми балыкчылар коомунун төрагасы Доктурбек Кабатаев болсо балык уулоо энчиси чиновниктердин жумушчулары менен туугандарына гана берилгенин адилеттүү эмес дейт:

- Чолпонатадагы мамлекеттик резиденциянын балыкчылары балык кармашат экен. Буларга жылына 200-300 кг. чоң балыктарды кармоого уруксат берип коюшат экен. Ал эми чабакты ал балыкчылар сатат - деди Доктурбек Кабатаев. Маектештин айтымында балык чарбасы 1997-жылдан бери туура эмес жолго коюлуп, эрежелери сакталбай жатат.

- Чабак Ысыккөлдөн башка жерде жок. Ал 5-6 жашка барганда урук чача башташ керек. Аны биз 3-4 жашында кармап атабыз, урук чачканга үлгүрбөй калышат.

Адистин ырасташынча бир канча жолу жарыяланган мораторийлердин кагаз жүзүндө калгандыгы, балык чарба департаментин ойлоп чыккан контрактын инспекторлору балык тармагын тукулжуратты:

- Контракт дегенибиз булар ошол кармаган браконьелердин балыгын сатып оокат кылыш керек экен. Ниязов аксакалга айттык, тyура эмес жумуш жүрүп атат, мындай инспекторлордун кереги жок деп. Бул инспекторлор браконьерлердин колдоочулары. Бул инспекторлор менде иштеп кеткен балыкчы, же болбосо мурдагы браконьерлер. Бул туура эмес жол.

Ысыккөлдөгү биостанциянын директору Азат Коңурбаев көлдөгү балыктарды сактоо жана көбөйтүү боюнча ПРООНдун төрт жылдык долбоорун жеңип алып, аны балыкчылар коомунун чарбасында ишке ашырууну тандады. Анын айтуусунда, тажрыйбалуу адис Доктурбек Кабатаевдин жардамы менен көл суусунда гана жашап, бирок тукуму үзүлгөн осман, маринка балыктарын издеп таап уруктандыруу жана сазан, чабак, чебачок деген беш түр балык көбөйтөт. Ал үчүн үч ай изилдөө жүрдү, долбоор 2010-жылга чейин уланат. Бирок академиктин кооптонгону долбоор иштеп аткан төрт жыл бою көлгө тосулган торлорго тыюу салынмайынча жана аларды сатуу үчүн Кытайдан Кыргызстандын чегине өткөрбөө башкы өтмөктөрүнө милдеттендирмейинче мээнет текке кетет. Ал эми бүгүнкү күндө болсо көл үстүндө турган миңдеген торлордун экологиялык зыяндыгы боюнча Азат Коңурбаев мындайча деди:

- Эң негизги зыян келтиргендери кытайдын торлорун алып келип, торлорду чөктүрүш үчүн астындагы жипте коргошун болот, ошонун баары көлдө калып атат. Коргошун оор металдардын санына кирет. Ысыккөлдү оор металл менен дагы майып кылып алышыбыз мүмкүн – деди жаратылыш жана коом илимдер академиясынын академиги Азат Коңурбаев.

Анын изилдөөсүндө Кыргызстанда балыктын 60 түрү болсо, 26 түрү Ысыккөл суусунда. Бирок көлдү судак деген жегич балык каптай баштагандыктан учурда азык зат катары колдонулуучу балыктын 8-10 гана түрү калды. Эгерде жырткыч балыктарга да каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзсөк, бул дагы кошумча көйгөйгө айланмак.

XS
SM
MD
LG