Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

ШАҢКЫЛДАГАН ШАЙЫР ҮНДҮҮ ШАХРА


Апта сайын берилип келе жаткан “Талант тагдыры” аттуу түрмөгүбүздө азыркы кездеги элдик жана эстрада ырчыларынын арасындагы ысымы калкка кеңири белгилүү ырчылардын бири – республиканын эл артисти Шахра Талипова менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баарлашат.

Улуу тоолордун койнунда жашаган кутмандуу токтогулдуктарды кыргыздар абалтан ыр менен күүнүн мекени – дешип, сыймыктанып келишкен. “Аккан арыктан агат” дегендей бүгүнкү күндө да ата-бабаларынын көөнөрбөс ар тараптуу өнөрлөрүн улап, “Токтогулдун торгойлору” деген атка конгон ондогон обондору, ырдаган ырлары, черткен күүлөрү менен руханий жан дүйнөңдү асылдантып, ырахат тартуулап келүүдө. Алардын бири – ырчы, республиканын эл артисти Шахра Талипова. Ал элдик жана көрүнүктүү обончулардын, композиторлордун ырларын комуздун, эл аспаптар оркестринин, ансамблдердин коштоосунда ырдайт.

Таанымал ырчынын өздүк репертуарынын өзөгүн элдик жана залкар обончу Ж.Шералиев баштаган көрүнүктүү обончулар Р.Абдыкадыровдун, А.Керимбаевдин, А.Бедиаровдун жана башкалардын ырлары түзөт.

Бактысын ыр дүйнөсүнөн кандайча ачканы жана Бурулча Какишевадай ырчы болсом деп ак эткенден так этип жүргөн кездерин Шахра айым мындайча эскерет: - Мен жарык дүйнөгө келип, бутум басып, тилим чыккандан радиодон берилген ырларды илип ала коюп ырдап өстүм. Кийин мектеп босогосун аттандан ыр-хор ийримине такай катышып ырдап өстүм. 3-класстан баштап, борбордон артисттер келиптир деген сөздү укканда, аларды көрүш, ырларын угуш үчүн үйгө барбай концертерине барып, шайырларды көрүп, ырларын угуп жүрдүм. Айрыкча Бурулча Какишева эжемдей ырчы болсом дегенде ак эткенден так этер элем.

-Шахра айым, кечиресиң ырга болгон кусаң артып, декилдеп жүргөн кезиңде кандай ырларды ырдар элең? Эсиңде болсо балалыктын балдай таттуу күндөрүндө, түндөрүндө ырдап өскөн ырыңдан бир-эки шингил эскере кетсен?

- Мен мектепте окуп жүргөндө «Мектеп», «Китеп» жөнүндөгү ырларды ырдоочубуз. Эсимде калган “Гүлтеребиз” аттуу ыр:
Жер чымырап жаз келди,
Жаздын гүлүн теребиз
Жаз гүлүндөй түрлөнүп
Жайнап өсө беребиз – деп ырдар элем. Ошол күндөн баштап азыркы күнгө чейин ырдап келе жатам. Ошентип, Кудайым кабыл болуп, ыр дүйнөсүнөн бактымды таптым.


-Шахра айым, өздүк репертуарыңдын уюткусун кыргыз обончуларынын ичинен кимдердин ырлары түзөт? Акыркы кезде кайсыл обончу менен иштешип жүрөсүң?

- Мен 52 жашка чыкканга чейин кыргыздардын бардык обончуларынын ырларын ырдап келатам. Атап айтсам, Атай Огомбаевдин, Жумамүдүн Шералиевдин, Калыйбек Тагаевдин, Рыспай Абдыкадыровдун, Асанкалый Керимбаевдин, Мыскал Өмүрканованын ырларын аткарып жүрөм. 1993-жылдан Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда иштеп калганныма байланыштуу белгилүү обончу Арзыбек Бедияров менен иштешип келе атам. Арзыбектин обондору менин үнүмө тура келгендиктен көптөгөн ырларын ырдап, иштешип келе атам.

-Эми Шахра айым сөздөн кезекти ырга берейин. Өзүң менен бирге иштешип жүргөн, далай ырларынанбагын ачкан Арзыбек Бедияровдун “Барам сага” аттуу ырын өзүңдүн аткарууңда угармандарга тартуулайын.

-Шахра айым ар бир шайыр сахнага чыкканда, ырдап жатканда кандайдыр бир күтүүсүз жерден кызыктуу окуяларга кириптер болгон көрүнүштөрдү көп эле көрүп жүрөсүң. Өзүңдүн башыңдан ошондой окуяларды өткөрдүң беле?

- Өзүңүз билгендей, көрүп жүргөндөй чыгармачылык менен иштешкен адамдардын арасында көп эле кызыктуу окуялар болот. Мен өз башыман өткөргөн бир окуяны айта кетейин. Кезектеги бир биздин филармониядагы концертте сахнага чыгып ырдай баштадым. Ырдап бүткөндөн кийин туфлийимдин шиш такасы полго кирип кетип чыгара албай, акырында байпакчан аксап сахнадан чыгып кеттим. Элдин баары кыраан каткы күлкүгө батышты. Мындай окуялар артисттердин арасында көп эле болот.
XS
SM
MD
LG