Эртең Вена шаарында Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчилигинин жыйыны башталат, анда - Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү талкууланат. Ирандын тышкы иштер министри Хамид Реза Азефи бүгүн агенттикке кайрылып, маселени саясатташтырбай кароого чакырды. Эгер маселе Коопсуздук Кеңешине өткөрүлсө, Тегеранга каршы эл аралык чектөөлөр жарыяланышы мүмкүн. Батыш мамлекеттери менен сүйлөшүү жүргүзгөн Али Ларижани бүгүн билдиргенге караганда болсо, Иран өзүнүн өзөктүк программаларынан баш тартпайт.