Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Индонезияда антиамерикалык ири демонстрация болуп өттү


Индонезиянын борбору Жакарта шаарында бүгүн АКШ саясатына каршы жана Ирак менен Ооганстанда жүрүп жаткан согуштарды токтотууну талап кылган ири демонстрация болуп өттү. Аны уюштурууга Хизб-ут-Тахрир партиясы катышкан жана партиянын өкүлү Исмаил Юсантонун айтымында, өлкөдө исламдык баалулуктар үстөмдүк кылууга тийиш: "Ислам жана мусулмандардын кызыкчылыгында халифат үчүн күрөш уланууга тийиш. Ага жетүү жолунда биздин алдыбызда көптөгөн тоскоолдуктар чыгып жатат жана алардын эң негизгилери Америка Кошмо Штаттары тарабынан жаралууда", - деди Юсанто. Полиция демонстрациянын жүрүшүнө кийлигишкен жок жана анын миңдеген катышуучулары кийин өздөрү тарап кетти.

XS
SM
MD
LG