Өлкө парламенти катары эсептелген Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын кеңешмеси кечээ башталды. Кытай өкмөт башчысы Вэнь Цзябао анын ачылышындагы сөзүндө өкмөт эми айыл жеринде жашаган 800 миллон адамдын жашоо шартын жакшыртууга көңүл буруп, быйыл айылдын өнүгүүсү үчүн 42 миллиард доллар сарптаарын жарыялады. Кытай өкмөт башчысынын айтымында, шаар менен дэңиз жээктериндеги экономикалык өсүштүн тездиги, өз кезегинде айыл үчүн жоготууларды алып келди. Эл өкүлдөрүнүн жыйыны Кытайда он күнгө созулат.