Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

24-мартты элдик ынкылап күнү катары белгилөө сунушуна парламент макул боло элек


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш 24-мартты элдик ыңкылап күнү катары белгилөө жөнүндө мыйзам долбоорун карап, кошумча иштөө үчүн комитетке кайтарды. Бул мыйзам долбоорун депутаттар Азимбек Бекназаров менен Дооронбек Садырбаев иштеп чыгышкан. Бирок, депутаттардын басымдуу бөлүгү талкуу учурунда 24-мартты майрам күн катары жарыялоо эртелик кылат деп эсептешти. Муну алар ыңкылаптын өз максаттарына толук жетпегендиги, талап-тоноолорду, бийликтин толук алмашпагандыгы өңдүү жагдайлар менен негиздешти. Айрым депутаттар эл аралык коомчулук туура кабыл аларынан күмөн санашса, кээ бирлери окумуштуулар 24-марттагы окуя боюнча али бир пикирге келе элегин эскертишти. Акырында парламент төрага Марат Султановдун сунушунун негизинде, «Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» бул мыйзам долбоорун өкмөт менен макулдашып, чыгымдарын эсептеп чыгуу зарыл деп чечти.

XS
SM
MD
LG