БИШКЕК. 17-мартта парламент өкмөттүк күн өткөрүп, анда жазгы талаачылык жумуштарына жана жаратылыш кырсыктарына байланышкан маселени карамай болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин дүйшөмбү күнкү отурумунда төрага Марат Султанов маалымдады. Бир катар депутаттардын белгилегендерине караганда, эки айдан бери парламент өкмөттүн бул багытта аткарып жаткан иштери боюнча маалыматын уга элек. Бул парламенттин март айында карай турган акыркы маселеси болот. 20-марттан баштап парламент эки апталык тыныгуу жасап, аймактарда иштөөнү болжоп жатат.