Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:27

Парламент паспорт менен калкты камсыз кылуудагы кемчиликтерди сынга алды

БИШКЕК. Кыргызстандын калкын паспорт менен камсыздоо чечилбеген маселе бойдон калууда. Мындай кескин сын-пикирлер 6-мартта паспорт маселесине байланыштуу уюштурулган парламенттик угууда депутаттар тарабынан айтылды. Ошондуктан, депутат Жантөрө Сатыбалдиев Ресурстар жана маалымат технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиги баштаган өкмөттүн тиешелүү уюмдарына ишти оңдоого бир айлык мөөнөт берип, ал аткарылбаса жетекчилерин кызматтан кетирүүнү сунуштады. Парламенттик угууну уюштурган эмгек миграциясы боюнча комиссиянын төрагасы Кубанычбек Исабековдун маалыматына караганда, 2005-жылдын ичинде жалпы атуулдук паспортту болгону миңден ашык киши алып, 8500 даана паспорт дарексиз жоголгон. Чет өлкөлүк миң адам ажыга Кыргызстандын паспорту менен барышкан. Ошондуктан, депутат бул маселени иликтөөнү прокуратурага жана коопсуздук кызматына сунуштады. Ал эми агенттиктин директору Амангелди Кенжетаев буга чейинки эсеп туура эмес болгондуктан, паспорт менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганын, бул өксүк четке кагылганын айтты. Анын маалыматы боюнча азыр агенттикке 100 миң паспорт келди. Анын 55 миңи облустарга таратылып, 45 миңи резервде турат.
XS
SM
MD
LG