БИШКЕК. 24-мартта талап-тоноодон жабыр тарткан ишкер адамдарга жардам берүү тууралуу өкмөттүн өткөн жылы 14-апрелде чыгарган токтому тиешелүү министрликтер, мамлекеттик чиновниктер тарабынан аткарылбай келүүдө. Бул тууралуу “Жапа чеккен арендаторлор коому” бирикмесинин жетекчиси Бурулкан Усубакунова 6-мартта маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, “Мадина” базары,”Дордой-Плаза”, “ГОИН”, “Силк-Увей” соода борборлору жана башка бир катар соода түйүндөрү өткөн жылы 24-мартта талап-тоноодон 1 млрд. сомдон ашуун каражатка жабыр тарткан. Анда соода сатык кылышкан16 жаштан 70 жашка чейинки 1025 аял бир күндө буюм-теримдеринен ажырап, үйбүлөсүн багуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Ички иштер министрлиги тарабынан талап-тоногон адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлгөн эмес.