Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:40

Р. Акматбаев боюнча укуктук экспертиза соңуна чыгарылды


БИШКЕК. Юстиция министрлиги Рыспек Акматбаевдин иши боюнча укуктук экспертизаны аяктады, анын жыйынтыгын бүгүн өкмөткө жөнөтөт. Бул туууралуу Азаттыкка Юстиция министри Марат Кайыпов кечээ кечинде билдирди. Бирок министр экспертизанын жыйынтыктарын ачыктаган жок. Премьер- министр Феликс Кулов Рыспек Акматбаевдин соттолгондугу кандайча жоюлгандыгын юридикалык жактан иликтөөнү аталган министрликке тапшырган. Рыспек Акматбаевдин соттолгондугун 28-февралда Биринчи май райондук соту жоюп жиберген. Ал болсо Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышууда.

XS
SM
MD
LG