Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Жазгы талаа жумуштарына Казакстан дизелдик күйүүчү май берет


БИШКЕК. Быйылкы жазгы талаа жумуштарынын убагында дизелдик күйүүчү май тартыштыгы болушу ыктымал деп билдирди Азаттыкка Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Базарбай Мамбетов. Бирок 2- мартта Казакстандын Шымкент заводу менен сүйлөшүүлөр болуп, казак тарап дизелдик күйүүчү майды мурдагы баа менен 10- марттан баштап бере баштайбыз деп убада беришкен. Эгер Шымкент заводу сөзүнө туруп ай сайын 10 миң тоннадан дизелдик май берип турса анда дыйкандар кыйналбайт дейт Базарбай Мамбетов. Анын айтымында, жакынкы күндөрү бензин кымбатташы күтүлбөйт. Бирок Казакстандын Шымкент заводу жана Орусиядагы Уфа жана Омск заводдору бааны жогорулатса анда айла жок.

XS
SM
MD
LG