Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Орусиянын тышкы иштер министри АКШга келди


Сергей Лавров бүгүн Вашингтондо АКШнын президенти Жорж Буш, Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө. Анда маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде Ирандын өзөктүк программасы, Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөрдүн быйыл Орусияда өтүүчү саммити талкууга алынмакчы. Орус тышкы иштер министринин Вашингтондогу бул жолку сапары алдында америкалык кадыр-барктуу уюм – Тышкы байланыштар боюнча кеңеш Орусиянын сындаган отчетун жарыяланды. Анда Кошмо Штаттар менен Орусия кызматташып жаткан бир катар тармактар бар экени белгиленгени менен өлкө президент Путиндин тушунда демократиялык реформалардан артка кайтканы, Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия, Чыгыш Европа чөлкөмдөрүндө кээде АКШныкы менен Батыштыкына каршы келген тышкы саясатты жүргүзүп жатканы айтылган.

XS
SM
MD
LG