Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин жогорку даражалуу өкүлү Николас Бёрнс билдирди. Анын айтымында, Иран эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабай, уранды байытуу ишин жүргүзүүдө. Андыктан эгер Иран өзөктүк программасы боюнча аракеттерин толук токтотпосо, бул маселеге БУУнун Коопсуздук кеңеши аралашуусу керек. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик МАГАТЭ уюму кечээ Вена шаарында башталган жыйынында Ирандын ишин карай баштады. Жыйынтыгында Ирандын иши БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралышына жол ачылышы мүмкүн.