Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:47

Президент паспорт көйгөйүн тез арада чечүү милдетин койду


БИШКЕК. 7-мартта президент администрация башчысынын орун басары Азим Исабеков паспорт маселеси боюнча тиешелүү мекеме өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өткөрдү. Анда Азим Исабеков атуулдарды паспорт менен камсыз кылууга жооптуу кишилердин позициясына түшүнбөй жатканын, бул иштен акча жасаган адамдар пайда болгонун айтып, абалдан чыгуунун жолдорун талкуулады. Акырында тиешелүү жетекчилерге абалды оңдоо үчүн бир айлык мөөнөт берилип, бул иште кемчилик кетиргендерге катуу чаралар көрүлөөрү эскертилди. Мындан бир күн мурда паспорт маселесине президент Курманбек Бакиев да кайрылып, аны тез арада чечүү милдетин койгон. Учурда миңдеген кыргыз атуулдары паспорт ала албай азап тартууда.

XS
SM
MD
LG