Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

АКШ жана Орусия Ирандын өзөктүк программасы боюнча турумун жакындаштырды


Бул жөнүндө Вашингтондо Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын жолугушуусунан соң жарыяланды. Кондолиза Райстын сүйлөшүүлөрдөн кийин билдиргенине караганда, Кошмо Штаттар Иран уранды өзүндө байытуусуна караманча каршы. Бирок ал маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралса, Иранга каршы санкция тез эле киргизилээри жөнүндө айткан жок:

-Албетте кандайдыр бир аракет жасоосу үчүн Ирандын али убактысы бар. Бирок биз Коопсуздук кеңешинде адеп баштаганда эле санкция жөнүндө маселе көтөрүү ниетибиз жок экенин ачык эле ишара кылганбыз.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Иранга муктаждыгы үчүн уранды Орусиянын аймагында байытууну сунуш кылып, Москва компромиске барган жок. Сүйлөшүүлөрдө Иранды МАГАТЭ уюмунун бардык талаптарын аткарууга ынандыруу аракети жасалды. Мунун аралыгында, АКШнын вице-президенти Дик Чейни, эгер Тегеран эл аралык коомчулуктун талабына моюн толгой берсе, олуттуу кесепттерге туш болорун эскертти. Ал эми Венада, МАГАТЭ уюмунда бүгүн Ирандын өзөктүк программасы боюнча үчүнчү күнкү талкуулар улантылат.

XS
SM
MD
LG