Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

ОРУСИЯЛЫК АЯЛ ЗАТЫНЫН БАКТЫСЫ ЖАНА ТҮЙШҮГҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда 8-март - эл аралык аялдар күнү. Майрам алдында Маскөөдөгү коомдук пикир изилдөө борбору сурамжылоо өткөрүп анын жыйынтыгы -кийинки 10-15 жыл ичи өлкөдө аял затынын жашоо тиричилиги оорлой баштаганын тактаган. Орус аялдары үчүн азыр эрин таштап кетүү оңой болуп калган. Алар денсоолугун чыңдоо жана жазанып түзөнүү үчүн убакытысын көбүрөөк жумшаарын аныкташкан. Орусиянын илимдер академиясы 7-мартта өткөргөн «21 кылымда орусиялык аялдарды эмне маселелер күтүп турат?» деген темадагы тегерек үстөл катышуучулары азырынча өлкөдө аялды дискриминациялоо дагы эле курч экенин белгилешкен.

Орусиялыктарда кыз ала качуу адаты жок. Бай кыргыздай токол алуу да жок. Балким, кайсы бир кавказдык же Волга боюнда элдерде ал бардыр, бирок жалпы деңгээлден ала келгенде мындай адат жок дешет. Бирок аялын уруп сабап эркектен төмөн саноо, айрыкча элеттик орустарда бар экен.

Бүткүлорусиялык коом пикирин изилдөө борбору (ВЦИОМ) таркаткан маалыматта: «ар бир үчүнчү орусиялыктар кийинки 15 жыл арасында аялдар абалы оорлогон. Аялдар үчүн бала тууп, чоңойтуп, тарбиялоо кыйын боло баштаган», - делинет.

Ал сурамжылоодо жооп айткандар ичинен 53 пайызы аялзатынын жашоо тиричилиги оңолду, алар эми колунан келгенин ишкердикте, саясатта жана коомдук иште көргөзүүгө мүмкүндүк алышты дешкен. Ал иштерден аялдар ийгилик жаратып атат дегендер 39 пайызга жетип, жок, кайра алар куугунтукталып атат дегендер 36 пайызды түзгөн.

Левада борборунун изилдөөсү 26-27 февралда, өлкөнүн 153 айыл, кыштак, шаарында болгон жана ага 1590 киши катышкан. Ал сурамжылоону жүргүзгөндөр бири Раиса Багаш айтканга караганда бул майрамда куттуктап, белек берүү кызуу жүрөт, орто эсептен алып келгенде:

«Ар бир эркек 7 аялды куттуктоону боолголошот, ар бир аял 8 аялга белек берүүнү боолголойт», - дейт Левада борборунун өкүлү.

Орусияда коом кайсы тарапты карай өнүгүп баратышынан кабар берген ушул мисалдардан улам кайсы бир анализчилер, өлкөдө аялзатынын абалы дагы эле оор дешет. Мурунку заманда Батыш мене Кошмо Штатарда аялдардын өз укугу үчүн күрөшүү жараткан 8 март күн советтик тушта таптык көз карашытан алып майрам күн болуп калганына карабай, азыркы муундар аны саясат чайбаган эс алуу күнү катары кабылдайт дешет.

Социалогиялык изилдөөдө орусиялык аялдар арасынан: «ишти да, бүлөнү да багуу абдан оор болуп баратат» - дегендер эсеби 81 пайызды түзгөн. Ал эми бала да багып иш да жазаса болот дегендер 4 гана пайызды түзгөн. Ушундан улам анализчилер чөйрөсү аялдардын үй бүлөсүн таштап кетүү, эрге чыкпай коюу, эне-ата, балсын бакпай салуу сыяктуу көрүнүштөр көп экенин айтышат. «Труд» басылмасы жазганга караганда, социологдор буга окшогон жоопту европалык аялдардан да алышкан. Австриялык аялдар 62 пайызы бала багып ошол эле учурда иштөө оор деген, Алманиялык аялдар – 68 пайызы, испандык аялдар – 76 пайызы, чех аялдар 83 пайызы, иши кылып батыштык 11 мамлекет аялзаты ага терс жооп айтышкан. Кызык жери, бир гана Улуу Британия аялдары бала багып иш да аткаруу колубуздан келет, анын эч кыйынчылыгы жок деген жооп айтышкан жана андай аялдар эсеби жалпы сурамжылоого катышкандардын 43 пайызына жеткен.

Орусияда азыркы тушта бийлик төрүнө өткөн аялзаты жок дээрлик. Кезегинде кыргыздын атын алыска чыгарган апабыз Курманжан датка же советтик тушта эмгеги менен даңк алган Зууракан Кайназарова же Телгей сыңары оозго кирип көзгө түшкөн аялдары космоско учкан Терешкованы эске албаганда акимдик бийликте жангыз Валентина Матвеенко.

Ошол эле учурда азыркы заман кызы дээрлик Маргарет Тетчэр же жакында мамлекет башына келген Ангела Меркел жана башкаларды атаса болор. Кызык жери бул жылы өлкө башына президент болуп бири - Латын Америкасынан бири – Африкадан эки аял шайланды.

2004-жылы андай орунду Ирина Хакамада да талашып көрдү, чогулткан добушу 3,8 пайызды түздү эле. Анализчилер ошондон улам Орусияда бийликтен аялзатына орун талашуу али эрте дешет.

XS
SM
MD
LG