БИШКЕК. «Ар-намыс» партиясы 24-мартта партиянын негиздөөчүсү Феликс Куловдун абактан бошогонунун бир жылдыгын белгилөө чечимине келди. Учурда бул күндө кантип өткөрүү керектиги тууралуу жер-жерлерден түшкөн сунуштар талкууланууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган партиянын өкүлү Бөдөш Мамырова 8-мартта билдирди. Азыркы өкмөт башчы Феликс Кулов былтыр 24-марттагы ыңкылаптан кийин абактан чыгарылып, кийинчерээк өлкөнүн Жогорку соту ага тагылган айыптарды алып салган. Феликс Кулов мурдагы президент Аскар Акаев бийлигинин тушундагы акыркы беш жыл бою түрмөдө отурган.