Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

АКШнын МАМДЕПАРТАМЕНТИ АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ЖЫЛДЫК ОТЧЕТУНДА КЫРГЫЗСТАНДЫ МАКТАГАНДАЙ БОЛДУ


Төрөкул Дооров, Прага. Шаршемби күнү Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы жөнүндөгү жылдык докладын жарыялады. Анда айтылгандай, соңку 15 жылда постсоветтик аймакта бир катар өлкөлөрдө адам укуктары жаатында көзгө көрүнөрлүк дурус эле өзгөрүүлөр орун алган. Бирок АКШнын демократияны жайылтуу аракеттерине жана дүйнөдө маалымат булактарына кирүү жеңилдегенине карабастан, кээ бир өлкөлөрдө дагы эле олуттуу проблемалар калып жатканы белгиленди.

Кошмо Штаттардын Мамдепартаменти жалпы дүйнөдөгү адам укуктарынын ахыбалы жөнүндө докладын 1977-жылдан бери чыгарып келатат.

Бул жолкусунда дүйнөдө айрым мамлекеттерде адам укуктары дале урматталбай жаткан учурлар көп экени баса белгиленди. Бул өңдүү жумурияттардын катарына мурдагы Советтер Союзундагы бир топ өлкөлөр жана Иран кирет.

Мамлекеттик департаменттин жылдык отчету өткөн 2005-жыл боюнча “Адам укуктары жаатындагы өлкөнүн доклады” деп аталат. Аны ошол эле департаменттин катчысы Кондолиза Райс жарыялады. Райс айым Кошмо Штаттары бул өңдүү отчету менен тигил же бул мамлекетке такыр эле өкүм чыгаруудан алыс экенин, болгону бул – адам укуктарын урматтоого чакыруу өңдүү ишарат болуп жатканын айтты.

- Бул доклад өкмөттөрдү, түрдүү уюмдар менен маалымат каражаттарын жана коомчулукту адам укуктарына тиешелүү проблемаларга көбүрөөк көңүл бурганга үйдөйт ко деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле, дүйнө боюнча тынчтыкты жана демократияны жайылтуу милдетин аркалап келаткан эр жүрөк адамдар үчүн бул отчет маалыматтын жана шыктануунун өзүнчө бир булагы болуп калат деп ишенгибиз келет, - деди Кондолиза Райс.

Докладда адам укуктары постсоветтик мамлекеттердин ичинен Беларус республикасында, Өзбекстанда жана Орусияда, андан сырткары Иранда орой бузулуп жатканы айтылат. Буга башкы себеп катарында – Беларуста, Өзбекстанда жана Орусияда борбордук бийликтин таасири, анын күчү улам жогорулап баратканы көрсөтүлсө, Иран “диний лидерлерге өтө эле көп бийлик берип жатканы” үчүн сындалды.

Беларуста 2005-жылы президент Александр Лукащенко көптөгөн опозиционерлерди эле эмес, керек болсо, анын көз-карашына каршы чыккан студенттерди, журналисттерди да коркутуп-үркүтүп, көп учурда камакка алып коюп жатканы айтылат. Мунун өзү “тоталитардык режимдин” орношунун бир белгиси катарында бааланды. Бир топ басылмалардын жабылганы да буга себеп болгон өңдүү.

Ал эми Орусияда президент Владимир Путин бүт бийликти эми борборго топтоп алганы үчүн сындалды. Мисалы, облусттардын губернаторлорун эми эл шайлабай, алар президент тарабынан дайылдала тургандыгы, орус жериндеги бейөкмөт уюмдардын ишине өкмөт тарабынан тоскоолдуктар башталганы, андан сырткары, Чеченстандагы кырдаал да жакшырбай, зордук-зобундар дагы эле уланып жатканы белгиленди.

Өзбекстанда кырдаалдын начарлап кетишинин бир мисалы катары биринчи планга былтыркы Анжиян окуялары коюлгандай болду. Бул документте жазылгандай, “Анжиян окуяларында өкмөт демонстранттарга каршы ашкере катуу күч колдонгон”. Бул эле эмес, ошол Анжиян окуяларынан кийин адам укуктары боюнча көптөгөн активисттер менен журналисттер да түрмөгө отургузулуп жатканы өзгөчө бир капаланта турган жагдай катарында көрсөтүлөт.

Ал эми Иранда деле жогоруда айтылган проблемалар кездешкени белгиленди. Бирок Иран, эң ириде, “террористтик уюмдарды колдоп жатат” деп сындалгандай болду.

Позитивдүү маанай Украинада калыптана баштаганы докладда өзгөчө айтылган. 2004-жылда болгон “саргылт ыңкылаптан” бери Украинада басма сөз эркиндиги корголуп, полициянын жеке жоопкерчилиги өсүп жатат.
Андан сырткары, Балкан өлкөлөрүндө да олуттуу жылыштар болуптур.

АКШнын Мамдепартаменти бул жолу адам укуктарынын абалы жакшыра баштаганы үчүн Кыргызстанды да мактады.

Мында Кыргызстандын башкы жетишкендиги катарында былтыркы парламенттик жана президенттик шайлоолордо жөнөкөй шайлоочуларга өздөрү каалагандай добуш бергенге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнү белгиленди.
“Ошентсе да, айрым проблемалар дале чечилбеген бойдон калып жатат”, - деп айтылат докладда. Мисалы, өлкөдөгү жаңы жетекчилик коопсуздук кызматтарынын айыпка жыгылбай жатышкандыгы жана өлкөдөгү этникалык дискриминация үчүн да сындалды.

Ал эми былтыркы “элдик ыңкылапка” чейинки президент Аскар Акаевдин өкмөтү сөз эркиндигине, түрдүү пикет-митингдерге каршы чектөөлөрдү коюп келгени айтылат.

Жалпысынан, бул документте Борбор Азия регионундагы бардык эле өлкөлөр адам укуктарынын ахыбалына дурусураак көңүл бурбай жатышканы жазылат.

Казакстанда былтыр декабрда өткөн президенттик шайлоодо 90% добуш менен буга чейинки эле президент Нурсултан Назарбаев кайра шайланганы “элге өз тандоосун ишке ашырууга чектөөлөр коюлганы” катарында бааланды. Андан сырткары, оппозиционерлердин камакка алынышы жана басма сөзгө чабуул коюу өңдүү көрүнүштөр бул өлкөдө да күчтүү делет.

Тажикстан болсо элге өз өкмөтүн тандоодо укуктарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербей жатканы үчүн сындалгандай болду. Андан сырткары, тажик жериндеги түрмөлөрдө да шарттар аябай начар экени айтылат.

Документте айтылганга караганда, мына ушундай эле жагдай Түркмөнстанда орун алып жатат

XS
SM
MD
LG