Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Евробиримдикте Беларусияга каршы санкция киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө


Мындай демилге менен кечээги билдирүүсүндө Европарламенттин депуттар тобу чыкты. Алардын пикиринде шайлоо компаниясынын жүрүшү 19- марттагы добуш берүү адилетсиз өтөөрүн көргөзүүдө. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери уюмдун Беларусияга карата саясатын, анын ичинде санкция киргизүү мүмкүнчүлүгүн ушул аптада Австрияда боло турган жыйында талкуулайт.
Мунун аралыгында, оппозициянын президенттикке башкы талапкери Александр Миленкевчтин ишенимдүү адамы Винцук Вячорко кечээ камакка алынганын анын штабынан билдиришти. Бирок полиция бул маалыматты ырастаган жок. Беларус оппозициясы, укук коргоочулар, АКШнын Мамлекеттик департаменти да 19- марттагы шайлоо демократиялык стандарттарга жооп бербесин болжолдоодо. Азыркы президент Александр Лукашенко бул ирээт үчүнчү мөөнөткө шайланууга умтулуп жатат.

XS
SM
MD
LG