Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

АКШ Мамлекеттик департаментинин жылдык отчетунда Кыргызстандагы оң жылыштар менен катар проблемалар да белгиленди


Мамлекеттик департамент адам укуктарынын дүйнө өлкөлөрүндөгү абалына арналган жылдык докладын шаршембиде кечинде жарыялады. Документтин Борбор Азияга тиешелүү бөлүгүндө региондогу өлкөлөрдүн өкмөттөрү азыр да адам укуктарын сактай албай жатканы, өзгөчө Өзбекстанда былтыр бул жааттагы кырдаал кескин начарлаганы айтылат. Соңку шайлоодо президенти 90% добуш алган Казакстанда атуулдардын өкмөттү алмаштыруу укугунда бир катар чектөөлөр бар экени көргөзүлөт.
Ал эми Кыргызстанда былтыр бийлик алмашкандан кийин жагдай оңолгону белгиленет. Оппозициячыл топторду, көз карандысыз маалымат каражаттарын куугунтуктоо, гезиттерге каршы доо арыз берүү кескин азайганы, өкмөт тынч мүнөздөгү митингдер менен демонстрациялардын өткөрүлүшүн чектебей калганы айтылган. Бирок аяктаган жыл ичинде бир катары проблемалар да сакталганы, анын ичинде укук коргоо кызматкерлеринин атуулдардын, өзгөчө камактагылардын укугун бузуусу, алардын жазаланбагандыгы, түрмөлөрдөгү шарттын начардыгы, адам аткезчилиги, аялдарга жана балдарга каршы зомбулук жана башкалар мисал катары келтирилген.

XS
SM
MD
LG