Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Акыйкатчынын демилгеси айыпталууда


БИШКЕК. 9-мартта юстиция министрлигинде акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун «Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу» Кыргызстандын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушу каралды. Акыйкатчы аталган мыйзамга саясий максатты көздөгөн жана конституциялык түзүлүшкө, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирчү чет өлкөлүк уюмдарын өкүлчүлүктөрүн ачууга, чет мамлекеттер тарабынан каржыланган бейөкмөт уюмдардын ишмердигине тыюу салууну сунуштаган. Сунушту караган юстиция министрлиги андай уюмдарды түзүүгө жол берилбестиги өлкө баш мыйзамында мурда эле белгиленген деген тыянак чыгарды. «Жарандар коррупцияга каршы" бейөкмөт уюму акыйкатчынын мындай сунушун айыптап, аны атуулдук коомдун өнүгүүсүнө залака келтирет, демократиялык баалуулуктардан чегинүүгө алып барат деп баалады. Аталган уюм тараткан билдирүүдө президентти, өкмөт башчыны жана Жогорку Кеңештин депутаттарын акыйкатчынын мындай сунушун колдобоого чакырганы да айтылат.

XS
SM
MD
LG