Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Ош жана Кашкар шаарлары кызматташат


ОШ. Кытай Эл Республикасынын Синцзян уйгур автоном облусуна караштуу Кашкар жана Кыргызстандын Ош шаарлары бир туугандык кызматташтыкта өнүгүү боюнча меморандумдун негизинде иш алып барышмакчы. Бул тууралуу 9-март күнү болуп өткөн маалымат жыйынында Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков билдирди. Жумадыл Исаков Ош жана Кашкар шаарлары тарыхый жана маданий байланыштары илгертен болуп келгендигине токтолуу менен, жакында болуп өткөн Кашкар шаарында болгон иш сапарында эки шаардын жетекчиликтери тарабынан сооданы, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн кабарлады. Жумдыл Исаков өз сөзүндө кашкарлык ишкерлер менен биргелешкен өндүрүштүк, соода жана туристтик компанияларды түзүү багытында да бир катар макулдашууларга жетишилгендигин билдирүү менен май айынан баштап кашкарлык инвестициянын алгачкы карлыгачтары шаарга келе баштай тургандыгын убада кылды.


Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 10-мартта Кыргызстанда ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18 градус.
Таласта түнкүсүн -1...+4 градус, күндүз +12...+17 градус болот.
Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -4...+1, күндүз +6...+11 градус.
Нарын аймагында түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...+5 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +16...+18 градус.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG