Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Данияда бүгүн диний жана маданий байланыштар боюнча конференция башталат


Бул жыйынга араб дүйнөсүнүн дин ишмерлери менен аалымдары да чакыртылган. Дания тараптын мындай конференция уюштуруп жатышы бекеринен эмес. Мухаммед пайгамбарга тартылган карикатуралар эң оболу даниялык гезитте жарыяланган. Азил сүрөттөрдүн европалык басма сөздө кайра басылышы мусулман дүйнөсүндө кыжырдануу жаратып, көчө жыйындарынын чыгуусуна, Европада болсо сөз эркиндиги боюнча талкуулардын күчөөсүнө алып келген эле. Бир катар араб өлкөлөрү Даниянын товарларына бойкот жарыялаган. Ошондой эле айрым мамлекеттерде Даниянын элчиликтерине кол салынган учурлар да болду.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG