Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы талкуу уланууда


Иран Кошмо штаттар үчүн эң чоң проблема. Бул тууралуу Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс билдирди. Ал Тегеран коңшу Ирактын ишине кийлигишип, Ливан менен Палестинанын аймагында террорчуларга демөөрчүлүк көргөзүп жатканын кечээ дагы бир жол кайталады.

Ал эми Иран президенти Махумуд Ахмадинежад өлкө өзөктүк программасынан улам кабылып жаткан саясий кысымга моюн сунбасын билдирди. Мындан эки күн мурда МАГАТЭ уюму Ирандын өзөктүк программасы боюнча докладын БУУнун Коопсуздук кеңешине жөнөтүүнү чечкен эле. Ирандык укук коргоочу, Нобель сыйлынын ээси Ширин Эбадинин пикиринде, Тегеран программасы тынчтык максатты гана көздөөрү үчүн ишеним жаратуунун үстүндө иштеши керек:

-Ирандын өкмөтү максат - өзөктүк кубатты тынчтык багытта гана колдоонуу экендиги үчүн эл аралык коомчулуктун ишенимин жаратышы керек. Бул Иранда адам укуктары көбүрөөк урматталып, демократия жайылган шартта гана мүмкүн.

АКШ жана Батыш Иран өзөктүк курал жасоону көздөөдө деп шектенсе, Тегеран программасы тынчтык максаты гана көздөөрүн такай айтып келүүдө.

XS
SM
MD
LG