Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

24- мартта улуттук оюндар болот


БИШКЕК. 24- мартта ыңкылаптын бир жылдыгына карата Аккула ат майданында улуттук оюндар боюнча мелдештер өтөт. Анда 200 миң сомдун тегерегинде байгелер коюлуп жатат. Жылыга Нооруз майрамына карата өтүп келген бул мелдеш быйыл 24- мартка жылдырылды.


Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 11-мартта Кыргызстандын аймагы боюнча күн ачык болуп, чыгыш тараптан мелүүн жел жүрүп турат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24 градус.
Талас дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23 градус болот.
Республиканын Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -3...+2 градус, күндүз +7...+12.
Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, +1...+6 градус.
Ордо калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +22...+24 градус болот.

Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG