Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Ошто улуттар достугун чыңдоо максатындагы бир айлык маданий иш чаралар башталды


ОШ. Кыргызстан улуттар ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн демилгеси менен Ош шаарында жашаган ар кайсы улуттардын маданий борборлору тарабынан даярдалган бир айлык Достук майрамы программасы өз ишин баштады. Кыргызстан улуттар ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасынын орунбасары Полот Сабиров биринчилерден болуп март айында өзбек улуттук маданий борбору Достук майрамын башатагандыгын белгилөө менен программанын алкагында улуттардын достугуна байланышкан улуттук ыр, бийлер, конкурстар өткөрүлүп, мамлекеттик тилди өздөштүрүүнүн маселелери талкууга алына тургандыгын билдирди. Өзбек улуттук борборунун төрагасынын орунбасары Шавкат Ахметов Нооруз майрамына карата ар кайсы улуттардын өкүлдөрүнөн турган сулуулар конкурсун өткөзүүнү пландаштырып жатышкандыгын айтып өттү. Улуттар ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн жадыбалы боюнча улуттук борборлор кезек-кезеги менен ар бир айда мына ушуга окшогон достук майрамына байланышкан иш чараларды өткөрүп турушмакчы.


Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG