Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Сот Кумтөр ишканасы боюнча доо арыздарды кароону улантты


БИШКЕК. Бишкектеги Биринчи май райондук соту Кумтөр алтын ишканасына байланышкан Жетиөгүз районунун тургундарынын доо арызын кароону 10-мартта улантты. Бирок сот аталган ишкана менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда 1999-жылы түзүлгөн келишимдин жана жергиликтүү тургундарга берилген медициналык көрсөтмөлөрдүн көчүрмөсү эмес, түп нускасы зарылдыгына негиздеп, дагы тыныгуу жарыялады. Ишти кароо эми 17-мартта уланат.

1998-жылдагы Барскоон кырсыгы ден соолугубузга терс таасирин тийгизди деп, Жетиөгүздүн төрт тургуну былтыр жайда сотко доо арыз жолдогон жана ар бири Кумтөр ишканасынан бир миллион сомдон моралдык жана материалдык чыгым өндүрүп берүүнү сураган.

XS
SM
MD
LG