Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Аскар Акаев : 24-март көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн кейиштүү күн


БИШКЕК. Учурда Москвада жашап жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев былтыркы 24-март окуясына байланыштуу өлкө калкына кайрылуу жолдоп, Атажуртунда болуп жаткан азыркы иштерге тынчсызданып жатканын билдирди. Жоогазын ыңкылабы деген атка жамынып, мамлекеттик төңкөрүштү уюштургандардын убадасынын эч нерсеси аткарылбады. Бир аз мурда эле ынтымактын, демократиялык өнүгүүнүн үлгүсү болгон биздин өлкө бүгүн кошуналарды жана өнөктөштөрүбүздү тынчсыздантууда, деп айтылат кайрылууда. Ошондой эле конституцияга каршы мүнөздөгү март окуясынан кийинки талоончулук Кыргызстандын кадыр-баркын түшүргөнүн айтып, 24-март кыргызстандыктардын көпчүлүгү үчүн кейиштүү күн катары эсинде калаарын белгилеген. Аскар Акаев кайрылуу соңунда былтыр 24-марттагы аракети менен атуулдук согуш болуп кетүү коркунучунун алдын алганын эскертип, мекендештери менен өз журтунда көрүшүүчү күн алыс эмес экенине ишеним арткан. Бул кайрылуу Бишкекте чыгуучу «Белый пароход» гезитинин интернет баракчасына 10-мартта жарыяланды.

XS
SM
MD
LG