Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

КИЕВ – БИШКЕК ЫҢКЛАПТАРЫ . БЕШ ЖЫЛДАН КИЙИН - СОВЕТТИК ТҮЗҮЛҮШ. МИГРАНТТАРДЫ ЫРААКЫ ЧЫГЫШКА. ТАШКЕНДИН КЕЛЕЧЕГИ.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кеткен аптада орусиялык басылмалар «түстүү ыңкылаптар» окшоштугун талдоого алган макала баскан. Дагы бир макалада Москва тегерегинде советтик кездегидей жумурияттар тобу пайда болору айтылат. КМШ өлкөлөрдөн келип аткан мигранттарды мындан ары Ырааккы чыгышка жайгаштыруу ошондой эле Ташкенди кандай келечек күтүп турат шаанидеги маслеттер чагылдырылган макалалар бар.

«Саргыч» ыңкылап ишке ашкан Киевде бийлик талашуудан келип чыккан өлчөөсү зор саясий бурулуш, кантсе да Бишкекте кайталанганы калды», - деп жазат «Собеседник» апталыгы (09.03.2006). Кыргызстанда жок жерден пайда болгон кагылыш деп автор бийлик бутактар арасында кармашты атайт. «Аттиң-ай, «жоогазын ыңкылабынын» бир жылдыгы арты кыйындачу саясий бурулушка учурачудай», - деп айтылган ал жерде.

Анализчилер баамына шилтеме берилип, Кыргызстанда президентке каршы турган парламенттик коалиция пайда болгону кеп болот. Аны (коалицияны – ММ) шыктандыруучулар Феликс Кулов менен Өмүрбек Текебаев деп айтылат.Оюн жыйынтыктаган жеринде, автор, «Кулов тактикалык жактан кайсы бир жеңишке ээ болгону менен стратегиялык жактан утулууга дуушар боло баштады.Украинадагы саясий бурулуш, ыңкылаптык тандем болгон Ющенко – Тимошенко ажырашуусу менен аяктаган. Мамлекеттик жогорку бийлик экинчи орунун ээленгендер чектен тыш намыскөйлөнүшү алардын кызматынан кетиши менен бүтөрүн тажрыйба көргөзөт», - деп жазат басылма.

Беш жылдан соң Орусия жаңы союз түзүп чыгаарын каңкуулаган макаланы «Комсомольская правда» (07.03.2006) баскан. Днестр дайра жээгиндеги мурда Молдавия бир обулусу болгон Приднестровье абалына токтолуп: «мурдагы совет жериндеги бирден бир колуна курал алып «советтик баалуулукту» коргой алган Приднестровье азыр кысымга алынып атат», - деп жазат. Ошондуктан аны эч ким тааныбаган жумурият экенине карабай Орусиянын канаты менен калкалашы арзырлык болорун айтат.

«Эгерде, кезегинде Ельцин бул жумурият аты менен заты пайда болору замат ага кошуп Абхазияны да таанып таштаганда азыркы тушта КМШ алкагы кайра пайда болмок», - деп келип, мындан ары өзүн өзү атап алган жумурияттар жашоосу улана берерин айткан.

Украина бийлиги Орусия менен жакшы болгондо небак жаңы Союз уюшулуп анын катарына Днестр боюндагы жумурият өтөт эле. Анан Абхазия, Түштүк Осетия, Беларусия ал тургай Молдавия да кирмек деп жазат. Бирок андай мүдөөнүн акыры бар экенин кеп кылып: «Орусия баралына келип КМШ арасындагы чоң бурулушка жеткенге дейре, бери дегенде 5, ары дегенде 10 жыл күтө туруу керек. Андан соң советтик кездегидей биримдик кайра жаралат», - деп жазат Михаил Леонтьев.

Орусиянын Ыраакы чыгышына бир эле Кытайдан эмес КМШ өлкөлөрүнөн да мигранттарды жайгаштыра баштаганы туурасында «Независимая газета» (06.03.2006) жазат. Владивосток калаадагы Ыраакы чыгыш федералдык округу боюнча президенттин элчиси Камил Исхаков айткан пикирге шилтеме берилип айтылган жеринде кийинки жылдар ичи аймактардагы калктын эсеби 12 пайызга азайган. Анын себебин Исхаков: «Биринчиден алар (орусиялыктар – ММ) Батышка көчүп кетип атышат. Экинчиден туулган балага караганда өлгөндөр саны артык болууда», - деген. Ошондон улам Ыраакы Чыгышка мурдагыдай бир эле кытай, вьетнам, түндүккорейликтерди жайгаштырбай эми КМШ өлкөлөрүнөн ооп келип аткандарды жайгаштыруу башталды деп жазат. Ал жерде андай мигранттар: Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн экени айтылган.

Маселен, 2005 жылы крайдан 291372 жаран көчүп кетсе анын ордун баскан 274254 башка элдик мигранттар кабыл алынды делинет.

Каримов бийлиги тамам болгондо анын артынан кадимкидей согуш болорун «Коммерсант» (10.03.2006) басылмасы жазат. Ташкенге барып жазып келген автор элден эмнени каалар элең десе ким кими «башка жакка кетүүнү каалар элем дейт», - деп жазат. Канчалаган жарандар урук туугандары четте жашаары жана андай мамлекеттер: Кыргызстан, Казакстан, Орусия экенин айтат.

Келе жаткан жылы Өзүбекстанда президентти шайлоо болорун кеп кылып ал туурасында жарандар оозанышкысы келбейт экен деп жазат. «Ушунчага барган Ислам Каримов эми эч убакта бийликти колунан чыгарбайт. Азыркы Өзүбекстан кожоюну куруп алган системада жылчык жок. Өлкөнүн бардык жериндегилер аны менен тыгыз байланышта. Ал (кызматан – ММ) кетти дегиче система урап калат. Өзүбекстанда каримовдук бийликтен кийин согуш болот. Бул алдын ала айтылган сары убайым кеп эмес. Сөзсүз боло турган келечек чындыгы», - деп жазат басылма.
XS
SM
MD
LG