Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Майрам Акаеванын туугандарына да кылмыш иши козголду


Бишкек. «Кыргыз алтын» мамлекеттик концернинде 2002-2004-жылдарда жол берилген мыйзам бузуулар, Майрам Акаеванын туугандары Таласта бир нече объектилерди мыйзамсыз менчиктештирген фактылар боюнча жаңы кылмыш иштери ачылды.Экс-президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн жана ага жакын адамдардын мүлкүн текшерүү боюнча жалпысынан 79 кылмыш иши ачылган. Бул тууралуу 11-мартта башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамсыз табылган каражаттарды легалдаштыруу боюнча бөлүмүнүн башчысы Абдыганы Шерипбаев билдирди.
Козголгон кылмыш иштердин ичинен отузу сотко өткөрүлүп, жыйырма жетиси каралды. Ал эми он алты кылмыш иши убактылуу токтотулуп турат. Алардын ичинде Айдар Акаевдин, Адил Тойгонбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери бар.Экс-премьер-министр Николай Танаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иш анын ооруп калгандыгына байланыштуу карала элек.

XS
SM
MD
LG