Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Жалалабад облусундагы мамлекеттин үлүшүндө калган жерлер максатсыз иштетилген


ЖАЛАЛАБАТ. Бул жөнүндө губернатордун биринчи орун басары Жаныш Курбанов билдирди. Облустук комиссия үч райондун он эки айыл өкмөтүндөгү мыйзам бузууларды аныктап чыкты. Алардын көпчүлүгү салык төлөшпөй келген, жеке чарба 3000 сом салык төксө, ири үрөнчүлүк бир чарба 430 сом гана салык төлөгөн. Сузак районундагы беш айыл өкмөтү 4,5 миллион сомдук ижара, социалдык фонд жана салык акыларын берген эмес. Өкмөттүн менчигинде калган жерге байланыштуу баш аламандык иштерди текшерүү жана аныктоо иши көпкө созулчудай. Турак-жай аянттары да келечек эске алынбастан ажыратылган. Комиссия изилдеп чыккан мындай мыйзам бузуулар облустук прокуратуранын кароосуна берилди.

Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 13-мартта Ысыккөл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын болуп, тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +14...+19 градус.
Чүйдө түнкүсүн +4...+9, күндүз +15...+20 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +14...+19 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -3...+2, күндүз +8...+13 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...+5 градус.
Борборубуз Бишкекте ала булут каптап турат. Жамгыр жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6...+8, күндүз +17...+19 градус болот.

Аманбек Жапаров

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG