Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Э.Каптагаев: 24-мартты майрамдоого эл арасында эки анжы ой бар


БИШКЕК. Жаңы бийликтин конституциялык реформа жасабай, элдин ыңкылапка болгон үмүтүн актабай, авторитардык бийликти сактап калып, 24-мартты майрам деп аташы туура эмес. Анткени бийлик системасы өзгөргөн жок. Бул тууралуу “Улуу биримдик” улуттук партиясынын лидери Эмил Каптагаев “Азаттыкка” билдирди.

-Эл арасында, коомчулукта эки анжы ой болуп атканынын себеби, ыңкылап болду дегени менен бийликтин мааниси, системасы да өзгөргөн жок. Элге эч кандай жаңылык келген жок, эмне үчүн майрам кылабыз дегендердики да туура. Жок биздин тилегибиз коомду өзгөртөбүз, аягына чыгарабыз,деп ушунча бийлик алгандан кийин аягына чыгарабыз, бул күндү майрам катары баалайбыз дегендердики да туура.

Эмил Каптагаев белгилегендей, 24-март окуясынан кийин жабыр тарткан жеке менчик ээлеринин, ишкерлердин талабын аткарууда жаңы бийлик чечкиндүү кадамга баруусу керек. Алардын талабынын аткарылбай жатышы бийликке элдин ишенимин жоготушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG