Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Тегеран Москванын сунушун мындан ары талкуулабайт


Иран анын иши Коопсуздук кеңешине өткөрүлүп берген соң Москванын компромисстүү сунушун мындан ары карабайбыз деп билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хамид Реза Азефинин ырастоосунда, Тегеран эми окуялардын мындан аркы өнүгүшүн байкап, Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү кандай чечимге келээрин күтөт. Кеңеш Иран уран байытуудан баш тартышы керек деген резолюция кабыл алган күндө да, Тегеран ага баш ийбейт, - деди Азефи.
Буга чейин өлкөнүн тышкы иштер министри Манучер Моттаки Иран өзөктүк программа боюнча талашта мунайды саяий кысым көрсөтүү куралы катары колдонбойт деп ишендирген.
Коопсуздук кеңеши Ирандын ишин ушул аптада карамакчы.

XS
SM
MD
LG