Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Барскоондуктардын арызын сот 17- мартта карайт


БИШКЕК. Бишкектеги Биринчи май райондук соту Кумтөр алтын ишканасына байланышкан Жетиөгүз районунун тургундарынын доо арызын кароону 17- мартта улантат. 10-мартта сот аталган ишкана менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда 1999-жылы түзүлгөн келишимдин жана жергиликтүү тургундарга берилген медициналык көрсөтмөлөрдүн көчүрмөсү эмес, түп нускасы зарылдыгына негиздеп, тыныгуу жарыялаган. 1998-жылдагы Барскоон кырсыгы ден соолугубузга терс таасирин тийгизди деп, Жетиөгүздүн төрт тургуну былтыр жайда сотко доо арыз жолдогон жана ар бири Кумтөр ишканасынан бир миллион сомдон моралдык жана материалдык чыгым өндүрүп берүүнү сураган.


АБА ЫРАЙЫ

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 14-мартта күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болот. Тоолорго кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен, Чүй аймактарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +9...+14 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -4...+1 градус, күндүз +4...+9.
Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3 градус болот.
Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +11...+13 градус.

Чолпон Орозобекова

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG