Бул кыянатчылыкты талибдер жасаганын айтып жатышат. Ошол эле күнү Ооганстандын мурдагы президенти Сибгатулла Можадидиге каршы кол салуу болду. Ал бараткан машинеге жанкечилердин унаасы келип урунду. Можадиди жеңил жарадар болгону кабарланууда. Ал бул үчүн Пакистанды айыптап жатат, бирок Исламабад бу карасанатайлыкка тийиштиги жок экенин билдирди.