Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:00

Гаага трибуналы: “Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич инфарктан каза болгон”


Гаагада дарыгерлердин тобу Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичтин өлүмүнө эмне себеп болгонун аныктоо үчүн анын жасатын ачып көрүштү. Дарыгерлердин ырасмий билдирүүсүндө айтылгандай, Милошевич “жүрөгү жарылып өлгөн”. Бул кабарды Гаага Трибуналынын ырасмий өкүлү да ырастады.

- Дарыгерлердин айтымына караганда, Слободан Милошевичтин өлүмүнө инфаркт себеп болгон, - деди Трибуналдын ырасмий өкүлү Александра Миленов.

Бирок ал ууланган-ууланбаганы тууралуу текшерүүлөрдүн жыйынтыгы азырынча чыга элек. Милошевичтин жүрөгү токтоп калышына эмне себеп болгону да азырынча белгисиз.
Слободан Милошевич 11-мартта Гагадагы абакта каза болгон. Ал согуш кылмыштары жана геноцид үчүн айыпталып, соттолуп жаткан эле. Жекшембиде Улуттар уюмунун башкы прокурору Карла Дел Понте “Милошевич ууланган болушу мүмкүн деген божомолду четке кагып, ал жанкечтилик кылган болушу мүмкүн деген ойду жокко чыгарбай тургандыгын” айтты. “Бирок дарыгерлер өлүктү жарып, текшергенче күтө туралы”, - деген Дел Понте.

XS
SM
MD
LG